Бишкек шаары2009-жылдын 15-июну № 182 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча баш-каруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардынменчиги;". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев