Бишкек шаары2009-жылдын 6-февралы № 37 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн орто-сунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ра-тификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө швейцариялык тарапка белгилен-ген тартипте билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев