Бишкек шаары2009-жылдын 10-февралы № 46 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 2009-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундаКыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө макулдашуу рати-фикациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда аталганМакулдашуу ратификациялангандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнөбилдирүү тапшырылсын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев