Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2009-жылдын 26-январы № 29 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2008-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толук-тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьянын 13-пунктчасындагы "чарба жерлери-" деген сөздөрдөнкийин "жайыттарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын. 2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: "4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.". 3. 13-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: "2) жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тарти-бин белгилөө;". 4. 15-статьянын 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын. 5. 17-статьянын 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын. 6. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-талсын: "6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын са-лык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жа-йыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугунажана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайытпайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.". 7. 30-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 8. 32-статьянын 2-пунктундагы "жерлери" деген сөздөн кийин ", жай-ыттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев