Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-январы № 17
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу
2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жылдын
22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене.
Салык төлөөчүлөргө 2009-жылы салыктарды Кыргыз Республикасынын Са-
лык кодексинин 56-главасында каралган салыктык контрактын негизинде
төлөө укугу берилсин.
Мында:
- салык төлөөчү салыктык контрактка өтүү айынан мурунку айдын
1инен кечиктирбестен салык органдарына тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз
берет;
- контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн са-
лык мезгили болуп, календардык жылдын аягына чейин контрактка колдонула
баштаган күндөн тартып өткөн мезгил эсептелери белгиленсин."
2-берене.
Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев