Сравнение редакций…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-январы № 21
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1997-жыл, N 10, 470-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
37-статьянын 3-пунктундагы "Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлө-
рү" деген сөздөрдөн кийин "- Кыргыз Республикасынын Президенти жетимиш
пайыздан көп эмес бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу
менен дайындагандар" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев