Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 20-мартындагы № 59 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-майы № 92
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын архиви жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу
Туруктуу жана узак мөөнөттүү сакталуучу документтерди иретке келтирүү мөөнөттөрүн сактоо, иштердин тизимин түзүү, ошондой эле документтерди даярдоо жана өз учурунда Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине өткөрүп берүү, документтерди пайдаланууну уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун" тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архиви жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Т. Абдраимов |