Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 211
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө жарнактык-көргөзмө жагында өз ара аракеттенүү тууралуу Макулдашууну
ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө жарнактык-көргөзмө жагында өз ара аракеттенүү тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралу билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |