Загрузка документа…
Бишкек шаары
2009-жылдын 11-майы № 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 173,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.(КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 6,
240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомду уюш-
турат же анын тењ уюштуруучусу катары чыга алат же акцияларды сатып
алат жана коомдун акционери боло алат.".
2. 36-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду-
нун директорлор кењешинин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында
түзүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы жайылтылбаган коом-
дун мүчөлөрү боло алат.
Коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды
тандоо жана көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
аныкталат.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев