Бишкек шаары2009-жылдын 2-июлу № 199 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу 2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтыкжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо ШтаттарынынӨкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу жана Бишкек шаарында 2009-жылдын22-июнунда кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик та-шуулар борбору тууралу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объект-тер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталганмакулдашуулар күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жо-болорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Америка Кошмо ШтаттарынынӨкмөтүнө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев