Бишкек шаары2009-жылдын 12-июну № 180 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Душанбе шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жењилдетилген шарттары тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 2009-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Душанбе шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Жамааттыккоопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо ор-гандарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана ата-йын каражаттарды берүүнүн жењилдетилген шарттары тууралуу Макулдашууратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетиМакулдашууну турмушка ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп анык-талсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуз-дук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөнМакулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жобо-лорду аткаргандыгы жөнүндө жана аны турмушка ашыруу үчүн жооптуу ыйга-рым укуктуу орган жөнүндө билдирсин. 4-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев