Бишкек шаары2009-жылдын 10-февралы № 45 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагыМамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республи-касынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулда-шуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталганМакулдашуу ратификациялангандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнөбилдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган