Бишкек шаары2009-жылдын 6-февралы № 36 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштуктарынын Комиссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Европа Коомдоштуктарынын Комиссиясынын Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштуктарынын Комиссиясынын ортосун-дагы Кыргыз Республикасында Европа Коомдоштуктарынын КомиссиясынынӨкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макул-дашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордунаткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Европа Коомдоштукта-рынын Комиссиясына жиберсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган