Бишкек шаары2009-жылдын 6-февралы № 40 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган, "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант № TF091994 жана Грант № TF091995) тиешелүү Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган, "Канаттуу-лар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү"долбоорун гранттык каржылоого (Грант № TF091994 жана Грант № TF091995)тиешелүү Макулдашуу-кат ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулда-шуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жобо-лорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык ре-конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган