КР 2023-жылдын 4-августундагы № 157 Мыйзамына ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2009-жылдын 31-июлу № 256 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары 3-глава. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу 4-глава. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам жаш жарандардын, жаштар уюмдарынын укуктарын жана кы-зыкчылыктарын, алардын дараметин мамлекеттин жана коомдун мүдөөсүндөжүзөгө ашырууга багытталган укуктук, экономикалык, социалдык жана башкашарттарды түзүүнүн укуктук негиздерин аныктайт. 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети деп мамлекеттик жаштар саяса-тынын максаттарын, принциптерин, негизги багыттарын жана жүзөгө ашыруучараларын аныктоо эсептелет. 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттинкызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары); волонтердик иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ык-тыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчы-лыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жекежана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар би-лим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтөалат; мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ор-дун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүүүчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгөбагытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы; жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашкачейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар; жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тењ же болбосо бирөөсү 28 жаш ку-рагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келипчыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жашжарандардын чөйрөсү; жаш адис - 28 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жыл-дан ашпаган жаран; жаштар уюму - катышуучуларынын (мүчөлөрүнүн) кеминде 75 пайызы жашжарандар болгон, иш-аракети жаштардын өнүгүшүнө, өз жолун табуусуна,укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле рухий жана башкакеректөөлөрүн канааттандырууга багытталган коммерциялык эмес уюм; уюмдашпаган жаштар - коомдук пайдалуу эмгекке тартылбаган,өздөрүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумуш иштөө, билимин жогорулатуу жанажарандык катышуунун башка формаларын жүзөгө ашыруу аркылуу ишке киргиз-беген жаш жарандар; жаштардын бейформал бирикмелери - жалпы кызыкчылыктары аркылуу би-риккен, мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жак катары каттал-баган жаш жарандар тобу; жаштар үчүн социалдык кызматтар - оор турмуштук кырдаалга тушукканжаш жарандарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгөашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну юридика-лык жакты түзбөстөн туруп жүргүзүүчү жарандар; талаптуу жаштар - чыгармачылык, интеллектуалдык жана маданий жо-горку дараметке ээ болгон жана мындай дарамети коомдун жана мамлекеттинөнүгүү дењгээлин жогорулатуу үчүн пайдаланыла ала турган жаш жарандар; оор турмуштук кырдаал - жаш жарандардын жашоо-турмушун объективдүүтүрдө бузуучу жана жаш жаран төмөнкүдөй себептер боюнча өз алдынча чечеалбаган жагдай: 1) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелгенден улам өзүн өзү тейлөөгөжарамсыз болсо; 2) ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калса жеөзүнүн багуусунда, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кошупалганда, жакын туугандары бар болсо; 3) аз камсыз болгон адам болуп саналса; 4) куралдуу жана улуттар аралык чыр-чатактардан, экологиялык жанатехногендик алааматтардан, жаратылыш кырсыктарынан запкы тарткан адамболуп саналат; 5) качкын жана аргасыз көчкүн адам болуп саналса; 6) атайын окуу-тарбия мекемелеринде турса; 7) зордук-зомбулуктан запкы тарткан субъект болуп саналса; 8) жазык жазасын өтөгөндөн кийин социалдык адаптациялануугамүмкүнчүлүгү жок болсо. Жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарымукуктуу орган - белгиленген тартипте өзүнө берилгем ыйгарым укуктардынчектеринде мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ор-ган. 3-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын жүзөгө ашыруунун принциптери Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет: 1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракет-тенишүүсү, иш-аракеттерин координациялоосу; 2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) максаттуу финансылык кол-доого алуусу; 3) жаш жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бармаселелер боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгуу про-цессине жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) тартуу; 4) жаштардын турмушта өз ордун табуусу үчүн бирдеймүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүү, ошондой эле аял жана эркек жыны-сындагы жаштарды коомдун социалдык-экономикалык, саясый жана маданийтурмушуна тартуу аркылуу коомдук пайдалуу демилгелерге дем берүү; 5) жаштарды (жаштар уюмдарын) мамлекеттик эмес колдоого алууну иш-ке ашырууда жеке жана юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү; 6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарына, жеке жана юридикалык жактарга мониторинг жүргүзүү жана бааберүү. 4-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын максаттары жана милдеттери Мамлекеттик жаштар саясатынын максаттары деп жаштарда өлкөнүн ту-руктуу жањычыл өнүгүшүн, аймактык бүтүмдүгүн жана Кыргызстан элинин ма-даний иденттүүлүгүн камсыз кылуучу активдүү жарандык позицияны жана ба-алуулук багыттарын калыптандыруу эсептелет. Коюлган максатка жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашыруу ар-кылуу жүзөгө ашырылат: 1) социалдашуу үчүн шарттарды түзүү; 2) руханий-адептик баалуулуктарды жана маданиятты калыптандыруу; 3) ден соолукту чыњдоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жет-киликтүүлүгүн камсыз кылуу; 4) билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү үчүн шарттарды түзүү: 5) жумуштуулукка көмөк көрсөтүү жана социалдык коргоону камсыз кы-луу; 6) сунушталып жаткан коомдук пайдалуу демилгелерди жүзөгө ашыруу; 7) бош убакытты өткөрүү жана чыгармачылык дараметти өнүктүрүү үчүншарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү; 8) коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмуш процесстерине тартуу, жа-рандык жоопкерчиликке тарбиялоо. 5-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери болуп төмөнкүлөр сана-лат: 1) өз компетенциясынын чектеринде бирдиктүү мамлекеттик жаштар са-ясатын калыптандырууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттикоргандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; 2) жаш жарандар (жаштар уюмдары); 3) мамлекеттик жаштар саясатынын максаттарын жана милдеттеринжүзөгө ашырууга тартылган жаш жарандарга (жаштар уюмдарына) колдоокөрсөтүүчү юридикалык жактар, ошондой эле жарандар. 6-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар 1. Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар Конституцияга не-гизденет жана ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык ка-был алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартиптекүчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. 2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралыккелишимде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белги-ленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. 2-глава Мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары 7-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин багыттары 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алкакта мамле-кеттик аткаруу бийлик органдарынын иш-аракетинин негизги багыттары бо-луп төмөнкүлөр эсептелет: 1) активдүү жана таланттуу жаштарга, жаш адистерге колдоогокөрсөтүүгө жана алардын чыгармачылык жана жањычылдык дараметин коомдунжана мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүүгө жана жүзөгө ашырууга ба-гытталган максаттуу мамлекеттик программаларды жаштардын катышуусу ме-нен иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; 2) аталган программаларды жүзөгө ашырууга катышуучу мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башкажеке жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенишүүсүн, алардын иш-ара-кетин координациялоону жана мониторингин камсыз кылуу; 3) жаштар (жаштар уюмдары) менен иштөө, жаштар программаларын да-ярдоо, жүзөгө ашыруу жана ага мониторинг жүргүзүү жана баа берүү масе-лелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методологиялыккөмөк көрсөтүү; 4) жаш жарандардын (жаштар уюмдарынын) демилгелерин мамлекеттикбюджетте каралган каражаттардын эсебинен финансылоонун тартибин жөнгөсалуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана белгиленген тартиптебекитүү; 5) жаштардын (жаштар уюмдарынын) укуктарын жана кызыкчылыктарынкамсыз кылуу маселелеринде эл аралык байланыштарды жөндөө жана кармаптуруу жана эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдарда Кыргыз Республи-касынын жаш жарандарынын кызыкчылыктарына өкүлдүк кылууну камсыз кылуу; 6) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюн-ча отчетторду даярдоо жана мониторинг жүргүзүү; 7) жаш жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденгендењгээлин камсыз кылуу жана алардын ден соолугун коргоо жана чыњдоо бо-юнча чараларды жүзөгө ашыруу; 8) экстремизди жана диний фанатизмди кошуп алганда, жаштарды мый-замга каршы иш-аракетке тартуунун алдын алууга жана бөгөт коюуга багыт-талган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү; 9) уюмдашпаган жаштарды жана жаштардын бейформал бирикмелерин ко-шуп алганда жаштарды (жаштар уюмдарын) мамлекеттик жаштар саясатынынмилдеттерин жүзөгө ашырууга тартуу; 10) кесипке багыттоону, кесиптик даярдоону (кайра даярдоону) жанаквалификацияны жогорулатууну уюштуруу, жумуштуулукка көмөк берүүчүпрограммаларды даярдоо; 11) жаштар маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсызкылуу, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы программалардындолбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүзөгө ашыруу; 12) волонтердик иш-аракетти жүзөгө ашырган жаш жарандарга колдоокөрсөтүүнү камсыз кылуу. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясы-на жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетининнегизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) жаштар саясаты жагында жүзөгө ашырылуучу программаларды ти-йиштүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чегинде маалыматтык жак-тан коштоону камсыз кылуу; 2) максаттуу мамлекеттик жаштар программаларынын негизинде жерги-ликтүү дењгээлдеги программаларды уюмдашпаган жаштарды жана жаштардынбейформал бирикмелерин кошуп алганда жаштардын (жаштар уюмдарынын) ка-тышуусу менен иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу; 3) таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жашүй-бүлөлөргө жана турмуштук оор кырдаалга тушуккан жаш жарандарга кол-доо көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштепчыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү; 4) дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, жергиликтүү дењгээлдегижаштар программаларын жүзөгө ашыруу үчүн орун-жайларды берүүнү кошупалганда бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылуу; 5) оор турмуштук жагдайга тушуккан жаш жарандарды жана жашүй-бүлөлөрдү табуу жана эсепке алуу; 6) волонтердук иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан жаш жарандардыколдоону камсыз кылуу. 8-берене. Жаштардын (жаштар уюмдарынын) жана жаштарга (жаштар уюмдарына) колдоо көрсөтүп жаткан башка жеке жана юридикалык жактардын демилгелерине дем берүү 1. Жаштардын (жаштар уюмдарынын) жана мамлекеттик жаштар саясатынжүзөгө ашырууга тартылган жаштарга (жаштар уюмдарына) колдоо көрсөтүпжаткан башка жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - мамлекеттикколдоо субъекттеринин) демилгелерине дем берүү иши мамлекеттик финансы-лык колдоо көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 2. Мамлекеттик колдоо субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоокөрсөтүү максаттуу мамлекеттик программаларга жана жергиликтүү дењгээл-деги программаларга ылайык, конкурстук негизде ишке ашырылат. Мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү боюнча конкурс ачык болупсаналат. 3. Мамлекеттик финансылык колдоо алууну көздөгөн жаштар демилгеле-ри төмөнкүдөй талаптарга туура келиши керек: 1) тийиштүү түрдө мамлекеттик программалардын жана жергиликтүүдењгээлдеги программалардын максаттарына ылайык келүүсү; 2) жаштар демилгесинин сыпаттамасын, бюджетин жана жүзөгө ашыруупланын берүүсү. 4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүгө конкурсту өткөрүүдөтөмөндөгүлөргө милдеттүү: 1) мамлекеттик финансылык колдоонун бардык субъекттерине конкурскакатышуунун бирдей жеткиликтүү болушун кепилдөөгө; 2) конкурстун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, анын ичинде аныөткөрүү тууралу маалыматты республикалык жана жергиликтүү маанидегижалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыялоо жолу мененкамсыз кылууга; 3) конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөрдү тартууга: конкурстун жыйынтыгына кандайдыр бир тикелей же кыйыр кызыкдарлыгыболбогон адамдарды; жаштардын (жаштар уюмдарынын) өкүлдөрүн. 5. Конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, мамлекеттик фи-нансылык колдоо алуу субъекттери ылайык келүүгө тийиш болгон талаптар-дын толук тизмеги Өкмөт тарабынан, ушул беренеде аныкталган талаптардыэсепке алуу менен белгиленет. 6. Жаш жарандардын (жаштар уюмдарынын) демилгелерине мамлекеттикколдоону жүзөгө ашыруунун алкагында алынган мамлекеттик каражаттардымаксатка ылайыксыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген жоопкерчиликке алып келет. 9-берене. Таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү 1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин сактоо жанаөнүктүрүү, Кыргыз Республикасындагы илимий жана маданий салттуулуктар-дын улануучулугун камсыз кылуу максаттарында таланттуу жаштарды колдоо-го алуу боюнча чаралардын системасы жүзөгө ашырылат. 2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоого алуу төмөнкүлөр аркылуужүзөгө ашырылат: 1) мамлекеттик, муниципалдык жана энчиленген стипендияларды, сыйтөлөмдөрдү белгилөө, билим берүү гранттарын ыйгаруу; 2) илимдин, маданияттын, көркөм өнөрдүн жана спорттун көрүнүктүүишмерлеринин билимдеринин, тажрыйбаларынын жолун жолдоочулукту камсызкылуучу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү; чыгармачылык өнөрканаларды,мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу; 3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жанаклубдарды түзүү жана өнүктүрүү; 4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, ка-роолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чара-ларды уюштуруу жана өткөрүү; 5) окутуунун, кайра даярдоонун жана стажировкадан өтүүнүн улуттукжана эл аралык программаларынын жеткиликтүүлүгүн конкурстук негиздекамсыз кылуу. 3-глава Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу 10-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун механизмдери Кыргыз Республикасында жаштар саясатынын субъекттеринин укуктарынжана кызыкчылыктарын милдеттүү түрдө билдирүү аткаруу бийлигинин мамле-кеттик органдар системасында атайын ыйгарым укуктуу органдын иштөөсүаркылуу камсыз кылынат. 11-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик программалар жана жергиликтүү дењгээлдеги программалар 1. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттикпрограммалар жана жергиликтүү дењгээлдеги программалар төмөнкүдөй та-лаптарга жооп берүүгө тийиш: - демократиялык, укуктук, диний эмес жана социалдык мамлекеттикконституциялык принцибин жүзөгө ашыруу; - жаштардын бардык катмарларын мамлекеттин жана коомдун кызыкчы-лыктарында коомдук пайдалуу иш-аракетке тартуу; - жаштар үчүн инфраструктуранын иштөөсүн жогорулатуу; - жаштарды укуктук маданиятка тарбиялоого жана алардын арасындакылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралардынболушу. 2. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттикпрограммалар Өкмөт тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу ме-нен иштелип чыгат жана Жогорку Кењештин бекитүүсүнө киргизилет. 3. Жергиликтүү дењгээлдеги программалар жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан мамлекеттик максат-туу программалардын негизинде иштелип чыгат жана жергиликтүү башкаруу-нун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет. 4. Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик программалардыжана жергиликтүү дењгээлдеги программаларды иштеп чыгууда эркек жанааял жынысындагы жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алышыкерек. Иштелип чыккан программаларды белгиленген тартипте кабыл алгангачейин алар көз карандысыз экспертизадан өткөрүлүшү керек. 12-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуу Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуунуишке ашырат. 13-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын финансылык камсыз кылуу 1. Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат: 1) мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашырууга катышуу үчүн карал-ган республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле жергиликтүүбюджеттердин каражаттарынын; 2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-лактардын. 2. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында жаштардемилгелерин финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгантартипте мамлекеттик социалдык заказ түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жаштарсаясатын жүзөгө ашыруу боюнча өздөрүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укук-тар боюнча республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте каражат менен камсыз кылынат. 14-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу жөнүндө Жогорку Кењешке маалымдоо 1. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндөгү ар жылдык отчетун берүү-нүн алкагында Жогорку Кењешке мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашы-руунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт. 2. Премьер-министрдин ар жылдык отчетун угуунун жана мамлекеттикоргандардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жаштармаселелери боюнча түшкөн сунуштарды иликтөөнүн жыйынтыгында жүргүзүлүпжаткан мамлекеттик жаштар саясатына түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. 15-берене. Жаштар иши боюнча консультативдик кењештер Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры жаштар уюмдарынын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусу менен,жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелер боюнчабиргелешин талкуу жүргүзүү жана сунуштама мүнөзүндөгү чечимдерди иштепчыгуу үчүн консультативдик кењештерди түзө алат. 16-берене. Жаштар демилгелерин колдоонун республикалык фонду 1. Жаштар демилгелерине, активдүү жана таланттуу жаштарга мамле-кеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Жаштар демилгелерин колдо-онун республикалык фонду (мындан ары - Фонд) түзүлөт. Фондду түзүүнүнжана анын иштөөсүнүн тартибин Өкмөт аныктайт. 2. Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражат-тары, ыктыярдуу салымдар, кайрымдуулук каражаттары, ошондой эле КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар Фондду ка-лыптандыруу булактары болушу мүмкүн. 17-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга жаштардын катышуусу 1. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашыруу-га жаштар (жаштар уюмдары) төмөнкүлөр аркылуу катышат: 1) сунуштарды киргизүү жана мамлекеттик органдарга жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүү; 2) максаттуу мамлекеттик программалардын жана жергиликтүү дењгээл-деги программалардын долбоорлорун жана жаштардын укуктарын жана кызык-чылыктарын жүзөгө ашыруунун башка маселелерин коомдук талкуулоого, угу-уга катышуу; 3) жаштар демилгелерин жүзөгө ашыруу; 4) жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар ченемдикукуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда маалыматтык колдоокөрсөтүү жана сунуштарды берүү; 5) жаштар маселелери менен иштеген консультативдик кењештердин, эларалык, мамлекеттер аралык жана башка уюмдардын ишине катышуу; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка фор-малар. 2. Жаш жарандарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жанажүзөгө ашырууга тартуу максатында эки жылда бир жолу Кыргызстан жашта-рынын республикалык конгресси өткөрүлөт. Кыргызстан, жаштарынын респуб-ликалык конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, региондордонжаштардын кызыкчылыктарын билдирүүчү делегаттарды шайлоонун жол-жоболо-ру Өкмөт тарабынан белгиленет. Кыргызстан жаштарынын республикалыкконгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн, ошондой эле делегаттарды шайло-онун жол-жоболорун жөнгө салуучу Өкмөттүн ченемдик укуктук актысынындолбоору милдеттүү түрдө коомдук талкууга алынууга жана консультативдиккењеште каралууга жатат. 3) Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин негизги мил-деттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) талкуулоо; 2) сунуштамаларды иштеп чыгуу; 3) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарына жана башка уюмдарга карата мамлекеттик жаштар саясатынын маселе-лери боюнча кайрылууларды кабыл алуу. 18-берене. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдар 1. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдарга төмөнкүлөркирет: 1) тарбиялоочу мекемелер (жаштар, өспүрүмдөр клубдары, жаштарүйлөрү жана аксарайлары, дене тарбия-спорттук бирикмелер, жаштар бор-борлору жана башка уюмдар); 2) жаштар үчүн социалдык кызматтар, жаштардын ишке орношуусунакөмөктөшүү боюнча уюмдарды (жаштардын эмгек биржалары, жаштарды ишкеорноштуруу борборлору жана башка уюмдар) кошуп алганда; 3) кошумча билим берүүчү мекемелер; 4) ден соолук чыњдоочу балдар жана жаштар борборлору жана лагерле-ри; 5) жаштар уюмдары, жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын корго-ого багытталган демилгелерди жүзөгө ашыруучу башка уюмдар. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдароор турмуштук кырдаалга тушуккан жаш жарандарга социалдык колдоокөрсөтүү, турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, психологиялык-пе-дагогикалык, укуктук кызматтарды көрсөтүү, аларды социалдык, психологи-ялык адаптациялоого жана социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүү бо-юнча иш-чараларды конкурстун, мамлекеттик социалдык заказдын жыйынтык-тары боюнча жүзөгө ашырат. 4-глава Корутунду жоболор 19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,2000-ж., № 6, 291-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө: 1) ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган ченемдикукуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин; 2) ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган ченемдикукуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кабыл алуу боюнча иш-чара-ларды жүзөгө ашырсын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган