Бишкек шаары2009-жылдын 30-марты № 115 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № КKZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө 1-берене. Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республи-касынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасы-нын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы №КKZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасы денонсациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасы-нын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Макулдашуу денон-сацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2009-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган