Сравнение редакций…
КР 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 20-ноябры № 302
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2009-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Мамлекеттик тилде баяндалган "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы,
2009-жылдын 24-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 45-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Башкы прокурордун кызмат ордуна курагы 35 жаштан кем эмес жана
65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби
боюнча кеминде 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.".
2. 51-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн жана кандайдыр бир пенсия ал-
баган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө аларга дайындала турган пенсия-
нын 50% өлчөмүндө ай сайын эмгек акыларына кошумча акы төлөнүп бери-
лет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев