Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2009-жылдын 25-июну №189
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2000-ж.,№11,683-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-бөлүктө:
- бөлүк "Мектептер" деген сөздөн кийин ", мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Мугалимдин" деген сөз "педагог кызматкерлердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16-бөлүктөгү "Мектеп" деген сөз "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев