Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 17-январы ПУ N 27 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө Жарандардын арыздарына, сунуштарына, даттанууларына жана оозекикайрылууларына кунт коюп, принциптүү мамиле жасоо маанилүү социалдыкмаселелерди, мамлекеттик курулуштун утурумдук жана келечектегимаселелерин комплекстүү талдоого, каттын артында күнүмдүккызыкчылыктары, турмуштук түйшүктөрү менен конкреттүү адамды көрүүгөмүмкүндүк берүүчү мамлекеттик иш-аракетердин негизги принциптерининбири болуп эсептелет. Бирок министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынишинде жарандардын арыздарын жана даттанууларын ар тараптан,объективдүү жана өз убагында текшерүүнүн талаптары бузулган учурларкездешет, жүйөөлүү өтүнүчтөргө жана билдирүүлөргө жүр нарыга салганкөњүлкош, формалдык-бюрократиялык, кайрымы жок мамилелер токтотулбайт. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери арыздардыдыкаттык менен карап чыгуунун ордуна көбүнесе курулай жооп кайтарууменен кутулушат. Жарандардын каттары жана оозеки кайрылуулары менеништөөдө бул кайрылууларды ар тараптан жана объективдүү карап чыгууүчүн, өзгөчө талаш маселелер боюнча, компетенттүү адистер тартылбайт. Жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, алардын жагдайын,кыймылын, географиясын, кайтадан келип түшкөн жана жамааттыккайрылууларды талдоо боюнча маалыматтык-статистикалык иш начаржүргүзүлөт. Мына ушул кемчиликтердин баары жарандардын адилеттүүнааразылыгын туудуруп, аларды жогору турган мамлекеттик органдаргакайтадан кайрылууга мажбур кылат. Жогоруда аталган фактылармамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарытарабынан «Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларынкароонун тартиби жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүүтүрдө аткарылбагандыгын көрсөтөт. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жанадаттануулары менен ишин өркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын башчыларынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын башчыларынын аппараттарда жана аларга караштуу мекеме,уюмдарда жарандардын каттары жана сунуштары менен иштин туурауюштурулушу, ошондой эле кайрылуулардын тийиштүү түрдө эмес жана өзубагында эмес каралышы үчүн жекече жоопкерчилиги белгиленсин. Сын пикирлерди кысымга алуу, каттардын авторлорун куугунтуктоо,бюрократиянын жана жүр нарыга салуулардын фактылары чечкиндүүтоктотулсун. 2. Жарандардын бардык кайрылуулары жарандардын сунуштарын,арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндөгү мыйзамдаргатак ылайыктуулукта карала тургандыгы жана милдеттүү түрдө контролгоалына тургандыгы белгиленсин. Жарандардын кайтадан келип түшкөн кайрылууларынын, жамааттыккаттардын жана кызмат адамдарынын кызматынан кыянаттык мененпайдалануусу жөнүндөгү маалыматтарды камтыган каттардын материалдарыбоюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт жана анын жыйынтыктарыминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынколлегияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынжыйналыштарында каралат. Бул маселелер боюнча милдеттүү түрдө КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясында билдирилет. 3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынбашчылары: - аппараттарда жана аларга караштуу мекеме, уюмдарда келип түшкөнкаттардын жана жарандардын сунуштарынын так эсебин жүргүзүүнү, алардынөз убагында жана объективдүү каралышына таасирдүү контролдуорнотушсун, жарандардын арыздарынын олуттуу түрдө каралышынажетишишсин; - жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонунтартиби жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү болгон өзүнө башийген кызматчыларга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки таасирэтүү чараларын, мындай фактылар жөнүндө коомчулукка маалымдоо менен,колдонушсун; - жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөө тажрыйбасынаталаш-тартыш маселелер боюнча бул кайрылууларды ар тараптан жанаобъективдүү кароо үчүн компетенттүү адистерди тартууну киргизишсин; - жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, алардын жагдайын,кыймылын жана каттардын географиясын, кайтадан келген жана жамааттыккаттарды талдоо боюнча маалыматтык-статистикалык иштерди өркүндөтүү иш-аракеттери күчөтүлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен жүргүзүпжаткан иштерин дайыма текшерип турсун, ал эми мыйзамдардын бузулушуаныкталган учурда күнөөлүүлөргө карата Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген таасир этүү чараларын колдонсун. 5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы жана мыйзамдары менен өзүнө берилген ыйгарым укуктаргаылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардынарыздары менен даттанууларынын каралышына карата прокурордуккөзөмөлдү, тартип бузгандарга Мыйзамдын бардык катуулугу боюнчажоопкерчиликке тартуу менен, күчөтсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги укуктук пропаганда,калкты укуктук жактан тарбиялоо жана үйрөтүү жаатындагы иш-аракеттердикүчөтсүн, жарандардын арыз берүүсүн жана анын каралышын камтуу менентуруктуу түрдө жалпыга маалымдоо каражаттары - телекөрсөтүү, радиожана басма сөз аркылуу тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынКоллегиясы жылына бир жолудан кем эмес министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жарандардын арыздары жанадаттануулары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчетторун уксун.Жарандардын арыздары жана даттануулары боюнча жүргүзүп жаткан иштериканааттандырарлык эмес болгон фактылар аныкталган учурдаминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынбашчыларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган,ээлеген кызматынан бошотууга чейинки таасир этүү чараларын колдонуужөнүндө сунуш киргизсин. 8. Бул Указдын 1-3, 5-6-пункттарынын аткарылышына карата контрольжүргүзүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жүктөлсүн. 9. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев