Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 8-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2009-жылдын 30-марты № 100 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополия-лар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 97-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо-лор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болупэсептелген инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди анык-тоо жолу менен ишке ашырылуучу жөнгө салуу, ушул субъекттер чыгаруучу(сатуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөнү толук көлөмдө канаат-тандыруу мүмкүн эмес болгон учурда инженердик-техникалык камсыздоонунтиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү ишке ашыруу.". 2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "8-статья. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин милдеттери 1. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери аларгакарата ушундай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууга (сатууга)табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мүмкүнчүлүктөрүболгон учурда ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулуучу товарлардычыгарууга (сатууга) айрым керектөөчүлөр (абоненттер) менен келишимдердитүзүүгө милдеттүү. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсеп-телген инженердик-техникалык кызматтар инженердик-техникалык тармактар-га кошулууга техникалык шарттарды берүүгө жана аларга карата ушул Мый-замга ылайык жөнгө салуу колдонулуучу товарларды чыгарууга (сатууга)керектөөчүлөр (абоненттер) менен келишим түзүүгө милдеттүү. 2. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери монопо-лияга каршы органга же мамлекеттик жөнгө салуунун тармактык органынатөмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү: - инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлорун, капиталдык са-лымдардын пландарынын долбоорлорун; - монополияга каршы орган жана мамлекеттик жөнгө салуунун тармак-тык органдары тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө өзүнүн ишижөнүндө учурдагы отчетторду. 3. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болупэсептелген инженердик-техникалык кызматтар мыйзамда белгиленген тартип-те архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгажана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электр-, жылуулук-, газ-,суу менен жабдуу жана суу бөлүү жаатындагы инженердик-техникалык кам-сыздоонун бардык болгон жана пландалуучу тармактарынын схемаларын жанатолук маалыматты берүүгө милдеттүү. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болуп эсеп-телген инженердик-техникалык кызматтар, мамлекеттик сырды камтыган маа-лыматтарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сай-тына ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтары менен инженердик-техника-лык тармактардын схемаларын жайгаштырууга милдеттүү. Бул маалымат,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптежеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча да берилет. 4. Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери басмыр-лоочу шарттарда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга укуксуз.". 3. 9-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчиабзацтар менен толукталсын: "- табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин то-варларды сатуу жана кызмат көрсөтүү эрежелерине, ошондой эле инженер-дик-техникалык кызматтар тарабынан берилүүчү товарлар (кызматкөрсөтүүлөр) берилүүчү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынынөнүгүшүнө мамлекеттик контролдоону жүргүзөт; - табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери болупэсептелген инженердик-техникалык кызматтардын алар аркылуу ушул товар-ларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү ишке ашырылуучу инженердик-техника-лык камсыздоонун колдо болгон жана пландалуучу схемалары, товарлардын(кызмат көрсөтүүлөрдүн) болушу жөнүндө маалыматты беришине мамлекеттикконтролдоону жүргүзөт.". 4. 10-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: "- табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринемилдеттүү түрдө тейленүүгө тийиш болгон керектөөчүлөр (абоненттер) ме-нен келишимдерди түзүү, түзүлгөн келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү ишке ашырылчу ин-женердик-техникалык камсыздоо тармактарын өнүктүрүү тууралуу аткарылышымилдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө;". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев