Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2009-жылдын 24-февралы № 62
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын 3-пунктундагы ", Жогорку Кењештин депутаттарынын кеминде жети адамдан турган, бир дагы депутаттык бирикмеге кирбеген тобу" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|