Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 28-январы № 16
Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө
Ушул Мыйзамдын максаты негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу аркылуу электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн жана электр бөлүштүрүүчү компаниялардын финансы-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергетика субъектилерине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
электр энергиясын негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому;
электр бөлүштүрүүчү компаниялар (мындан ары - электр бөлүштүрүүчү компаниялары) - "Түндүкэлектр", "Ошэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору;
электр энергиясын керектөөчүлөр - электр энергиясын керектеген юридикалык жана жеке жактар;
пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине, карыздык жана башка милдеттенмелердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан кошуп эсептелген суммалар;
кошуп эсептелген туум боюнча карыздар - өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялары тарабынан кошуп эсептелген туумдар, ошондой эле электр бөлүштүрүүчү компанияларга негизги берүүчүлөр тарабынан кошумчаланган туумдар боюнча карыздар;
мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карыздар - экономикалык мүнөздөгү себептерге байланыштуу кайтарып алууга мүмкүн болбогон электр энергиясын керектөөчүлөрдөн электр бөлүштүрүүчү компанияларына, электр бөлүштүрүүчү компанияларынан электр энергиясын негизги берүүчүлөрүнө, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдөн мамлекеттик органдарга таандык болгон негизги карыздардын суммасы;
эсептен чыгаруу - өндүрүлгүс карызды, ошондой эле кошумчаланган туумдарды, пайыздарды, финансылык, айыптык жана салыктык санкцияларды төлөөдөн бир ирет (бир жолку) бошотуу.
2-берене. Эсептен чыгаруунун тартиби
1. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга тийиш.
2. Пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча төмөнкүлөрдүн карыздары эсептен чыгарылууга тийиш:
1) электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн мамлекеттик органдардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча, толук көлөмдө;
2) электр бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө;
3) электр энергиясын керектөөчүлөрдүн электр бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө.
3. Негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карыздарды эсептен чыгаруунун тартиби:
1) мамлекеттик органдар электр энергиясын негизги берүүчүлөргө негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
2) электр энергиясын негизги берүүчүлөр электр бөлүштүрүүчү компанияларынын негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
3) электр бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын керектөөчүлөрдүн негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт.
4. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздарды, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.
3-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |