Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 27-январы № 12
Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |