Бишкек шаары2010-жылдын 10-февралы № 26 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 3-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору) ратификациялоо тууралуу 2010-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 3-декабрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржы-лоо жөнүндө Макулдашуу (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реаби-литациялоо долбоору) ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогорудакөрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоци-ациясына билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев