Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2010-жылдын 4-марты № 44
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 92-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
2-пунктта:
- "Кыргыз Республикасы ратификацияланган эл аралык келишимде же макулдашууда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. 46-статьянын 1-пунктундагы "Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кенеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев