Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 19-январы № 6
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын ушул Конституциялык мыйзамы жана башка мыйзамдары менен судьялардын кээ бир категорияларынын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.".
2. 9-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "биринчи жана жогорку квалификациялык класстар ыйгарылышы мүмкүн" деген сөздөр "биринчи квалификациялык класс ыйгарылышы мүмкүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндөгү "көрүлгөн" деген сөз "колдонулган" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 15-беренеде:
5-бөлүк "алтымыш күн калгандан кечиктирбей" деген сөздөрдөн кийин "жана сексен күндөн эрте эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
7-бөлүктүн биринчи абзацындагы "талапкерлер" деген сөз "талапкер" деген сөз менен алмаштырылсын;
8-бөлүктүн биринчи абзацындагы "бир" деген сөз алып салынсын;
9-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "мурда Улуттук кеңеш тарабынан киргизилгендердин ичинен" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн башка талапкер кайталап аңгемелешүү өткөрүүдөн кийин конкурска катышкан талапкерлердин ичинен Улуттук кеңеш тарабынан Президентке киргизилет.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул берененин 5-бөлүгүнүн жоболору, эгерде Жогорку Соттун иштеп жаткан судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес Улуттук кеңешке ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан Жогорку Соттун, иштеп жаткан судьясынан анын талапкерлигин кароо жана андан кийин Жогорку Кеңешке жөнөтүү үчүн Президентке киргизүү жөнүндө арыз түшсө, колдонулбайт.
Мындай учурда Улуттук кеңеш эки жумалык мөөнөттө келип түшкөн арыздарды ушул Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт жана тийиштүү чечим кабыл алат. Мында эгерде талапкер Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн зарыл сандагы добушун ала албаса, анда Жогорку Соттун судьясынын бош (бошоп жаткан) кызмат ордуна иштеп жаткан судьянын талапкерлиги четтетилген күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен конкурс жарыяланат.".
4. 16-беренеде:
3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Президент ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат орундарынын ар бирине талапкерлерди аныктайт жана аларды төмөнкүдөй учурларда дайындоого макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизет:";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сунуш кылынган талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан Президент сунуш киргизген күндөн тартып эки жумадан кечиктирилбестен каралат. Сунуш кылынган талапкер четке кагылган учурда Президент ушул эле же башка талапкерди Жогорку Кеңешке кайталап киргизүүгө укуктуу.".
5. 18-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоо аңгемелешүү өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.";
4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү соттун судьясы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес өзүн жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Улуттук кеңешке арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Улуттук кеңеш арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө аны ушул Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн зарыл сандагы добушун ала албаса, анда жергиликтүү соттун судьясынын боло турган бош кызмат ордуна иштеп жаткан судьянын талапкерлиги четтетилген күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен конкурс жарыяланат.";
6-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
6. 20-берене күчүн жоготту деп табылсын.
7. 21-беренеде:
1- жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аңгемелешүүгө төмөнкүдөйлөр киргизилет:
1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан иштеп жаткан судьялар;
2) кеминде беш жылдык судьялык иш стажысы бар адамдар, мында конкурска катышууга арыз берүү менен аны судьянын кызмат ордунан бошотуунун же судьянын ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгынын ортосундагы тыныгуу мөөнөтү беш жылдан ашпашы керек;
3) судьялардын Кеңеши бекиткен программа боюнча окуудан өткөн жана окутуунун жыйынтыктары боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алган адамдар.
2. Аңгемелешүү Улуттук кеңеш аныктаган тартипте өткөрүлөт.";
3-бөлүктөгү "талапкерлер" деген сөз "талапкер" деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 22-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "конкурстун экинчи туру аяктагандан кийин" деген сөздөр "аңгемелешүүнүн натыйжасы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац "башка талапкерди" деген сөздөрдөн мурда "конкурстук тандоого катышкан талапкерлердин ичинен кайталап аңгемелешүүгө же антпестен чакыруу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын,
судьясын которуу (ротациялоо)
1. Жергиликтүү соттун төрагасы, төраганын орун басары, судьясы бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:
1) өз каалоосу боюнча;
2) сот кайра уюшулган, судьялардын штаттык санын кыскартуу менен түзүмү өзгөртүлгөн учурда;
3) бир сотто төраганын, төраганын орун басарынын жана/же судьянын ыйгарым укуктарын 10 жылдан ашык аткарган учурда;
4) судьяга жана мамлекетке көз каранды болбогон жагдайлар, анын ичинде медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьяны мамлекеттик коргоо максатында.
2. Жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын, судьясын которуу (ротациялоо) жергиликтүү соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судьянын калган мөөнөтүнө жүргүзүлөт.
3. Төраганы, төраганын орун басарын жана судьяны которуу (ротациялоо) жөнүндө чечим Улуттук кеңештин сунушунун негизинде жана конкурс өткөрүлбөстөн Президент тарабынан кабыл алынат.".
10. 24-беренеде:
4-бөлүктө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн жобосу, эгерде жергиликтүү соттун иштеп жаткан төрагасынын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес Улуттук кеңешке жергиликтүү соттун иштеп жаткан төрагасынан, төраганын орун басарынан жергиликтүү соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын ошол эле кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү арызы келип түшсө, колдонулбайт. Мындай болгон учурда талапкерди Улуттук кеңеш ушул Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн зарыл сандагы добушун ала албаса, анда жергиликтүү соттун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын бош (бошоп жаткан) кызмат ордуна ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык конкурс жарыяланат.";
экинчи абзацта "4. Жергиликтүү соттун" деген сөздөр "Жергиликтүү соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
11. 26-беренеде:
1-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүктүн 5-пунктундагы "24-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан жергиликтүү соттун судьясы баш тартканда;" деген сөздөрдөн кийин "24-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык башка жергиликтүү сотко жиберүүдөн баш тартканда;" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 27-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "бүтүшүнө" деген сөздөн кийин ", курагынын чегине жеткендигине" деген сөздөр кошулсун;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьянын ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан токтотулат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4- жана 5-пункттарында каралган соттун чечимдери алып салынган учурда жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун же Конституциялык соттун судьясынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан калыбына келтирилет.".
13. 28-беренеде:
1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "алты айдан" деген сөздөр "бир жыл-
дан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) эскертүү, сөгүш түрүндөгү тартип жазасы;";
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эскертүү же сөгүш ал колдонулгандан эки жылдан кийин Судьялар кеңеши тарабынан алып салынышы мүмкүн. Эскертүүнү же сөгүштү алып салуу тартиби Судьялар кеңеши бекиткен Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы жөнүндө Жобо (мындан ары - Тартип комиссиясы жөнүндө жобо) менен аныкталат.";
4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эскертүү жана сөгүш судьяларга Тартип комиссиясы жөнүндө жобого ылайык Судьялар кеңеши тарабынан колдонулат.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Судьялар кеңеши судьялардын иш-аракетине карата даттанууларды же сунуштамаларды кароодо эскертүү берүү менен чектелүүгө укуктуу.".
14. 29-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Судьялар кеңеши козгогон" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьяга карата келип түшкөн даттануулар, сунуштамалар жана жеке аныктамалар боюнча Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы тартип өндүрүшүн козгойт. Козголгон тартип өндүрүшү боюнча эки айлык мөөнөттө тартип комиссиясы жөнүндө жобого ылайык кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Тартип өндүрүшүн козгоодон баш тартуу Судьялар кеңешине даттанылышы мүмкүн. Даттануунун тартиби жана мөөнөтү тартип комиссиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.";
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Тартип комиссиясы жөнүндө жобонун талаптарына ылайык маалымкат жазылат.";
биринчи абзацтын 4-бөлүгүндө "комиссия" деген сөз алып салынсын.
15. 30-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын сот тартибинде салынган администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе боюнча чечимди Улуттук кеңештин макулдугу менен Башкы прокурор кабыл алат.
Жергиликтүү соттун судьясын сот тартибинде салынган администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе боюнча чечимди Улуттук кеңештин макулдугу менен тийиштүү прокурор кабыл алат.
Судьяны администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Улуттук кеңешке сунуштама киргизет, анда судьяга коюлуп жаткан иштин жагдайы, администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдын беренеси жана административдик жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт.".
16. 32-беренеде:
2-бөлүктүн төртүнчү абзацында "жеткендиги боюнча ээлеген кызматынан бошотулган" деген сөздөр "жеткендиги боюнча ыйгарым укуктары токтотулган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүктө:
"Өкмөт белгилеген норма боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Формалык кийимдин (мантиянын) сыпатталышы, аны кийип жүрүү жана эсептен чыгаруу мөөнөтү, формалык кийимди (мантияны) судьяларга берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.".
17. 33-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "кайтыш болгон учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга 20 жана андан ашуун жылы судьялык стажы болсо; ушул Конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга; ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле 15 жана андан ашык жыл судьялык иш стажысы бар экендигинен улам ыйгарым укуктары аяктагандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга судьялык иштин ар бир толук жыл үчүн, бирок кеминде анын жылдык эмгек акысында акыркы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысынын эсебинен бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
Муну менен ушул берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында саналган адамдарга жана Кыргыз Республикасынын судьялыгына жаңыдан шайланган/дайындалган адамдарга шайлангандан/дайындалгандан кийинки учурдан берки убакыт гана судьялык иш мезгилине кошулат.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.
Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдө эсептелет:
- судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 1,5 эселенген үстөк акы;
- судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2 эселенген үстөк акы;
- судья катары 25 жана андан ашык жыл иш стажы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2,5 эселенген үстөк акы.
5. Судьялык иштин стажысын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.
6. Конституциялык соттун судьясы болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажысын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
7. Ушул берене менен белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.".
18. 35-беренеге төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-бөлүктөр кошулсун:
"2-1. Ушул Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин колдонулушу ушул Конституциялык мыйзам күчүнө киргенге чейин кызмат ордуна дайындалган судьяларга жайылтылат.
2-2. Ушул Конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу ушул Конституциялык мыйзам күчүнө киргенге чейин кызмат ордуна дайындалган жергиликтүү соттордун төрагаларына, төраганын орун басарларына жайылтылат. Улуттук кеңеш аларды жергиликтүү соттордун төрагаларынын, төрагаларынын орун басарларынын ошол эле кызмат орундарына дайындоо үчүн сунуштама жөнүндө чечим кабыл алган учурда Улуттук кеңеш муну менен бир учурда эле аларды жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындоо жөнүндө сунуштама киргизет.
2-3. Ушул Конституциялык мыйзамдын 33-беренесинин 4 жана 6-бөлүктөрүнүн колдонулушу пенсияда жүргөн, кызмат ордунан бошотулган жана ушул Конституциялык мыйзамдын 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн маңызы боюнча ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын судьяларына жайылтылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардын пенсиясына үстөк акыларды эсептөө үчүн пенсиянын өлчөмү ушул Конституциялык мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып белгиленет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттик иштери боюнча улуттук кеңеши, Судьялар кеңеши жана Сот департаменти ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |