Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 2-марты № 39
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарын пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндөгү жобону бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө сейрек жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрүнүн тизмегин бекитүү.".
2. 9-статья күчүн жоготту деп табылсын.
3. 11-статьянын 5-бөлүгүндө "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 12-статьянын 4-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.
5. 15-статьянын 1-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы белгилеген" деген сөздөр "мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 20-статьянын 4-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 21-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер, ошондой эле атайын укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 23-статьянын 3-бөлүгүндөгү "же өзгөчө тизмеге киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы аныктайт" деген сөздөр "киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 27-статьянын 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |