Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 29-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Субъектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.".
2. 68-беренеде:
5-пункттагы "болгон учурда." деген сөздөр "болгон учурда;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен субъектилердин карызын эсептен чыгаруу боюнча.".
3. 69-беренедеги "2-5" сандары "2-6" сандар менен алмаштырылсын.
4. 188-берененин 1-бөлүгүнүн 16-пунктунун "а" пунктчасы "кредитор тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |