Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2010-жылдын 16-марты № 51
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 131-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасындагы "жана жайыттарды" деген сөздөр алып салынсын.
2. 334-берененин 4-бөлүгүндөгү ", айыл жанындагы жайыттардын" деген сөздөр алып салынсын.
3. 336-берененин 4-бөлүгүндөгү ", айыл жанындагы жайыттар" деген сөздөр алып салынсын.
4. 337-берененин 1-бөлүгүндөгү таблицанын "Анын ичинде айыл жанындагы жайыттар" деген 7-графасы алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2010-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев