Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 12-апрели УӨ № 2
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмүн таратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо үчүн 1993-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бүткүл өз ишинин ичинде ага жүктөлгөн үмүттөрдү актаган жок жана А.А.Акаевдин убагында да, ошондой эле К.С.Бакиевдин убагында да бийиктин бир колдо топтолушуна көмөктөшкөн.
Кыргыз Республикасынын Контитуциясына 1996,1998 жана 2003-жылдарда референдум менен киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча оң корутундулар берилген. Өз аракеттери менен Конституциялык сот 1993-жылдын Конституциясында болгон ооздуктоолор менен тең салмактуулуктардын механизминин ыдырашына көмөк көрсөткөн.
Конституциянын ченемдерин одоно тепселөө менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1998-жылы Президент А.А.Акаевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк берген корутунду чыгарган.
2005-жылдагы революциядан кийин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрадан чоң үмүт жүктөлгөн. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кыска убакыттын ортосунда кайрадан өзүнүн көз карандылыгын көрсөтүп, 2007-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбооруна оң корутунду берген. Ал өзгөртүүлөр "референдум" деп аталган имиш тарабынан кабыл алынып, аны менен Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев бийликти толугу менен басып алууну легитимдештирген.
2009-жылдын декабрында К.С.Бакиев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Президенттик кеңешме аркылуу Президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн механизмин караган мыйзам долбоору киргизилип, анын курамы өзгөртүүлөрдүн долбоорунда көрсөтүлгөн эмес. Президенттин бийлигин убактылуу өткөрүп берүүнүн мындай механизми иш жүзүңдө кийин юридикалык жол-жоболоштуруу менен К.С.Бакиевдин эң жакын туугандарына өтөөрүнө карабастан, Конституциялык сот Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңешке алмаштырууну "өтүнүп", бул учурда да оң корутунду берген.
Мына ошентип, Конституциялык сот өзүнө Конституцияны коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткара алган жок жана бир адамдын бийлигин чыңдоого көмөк көрсөткөн органга айланып калган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бир адамдын бийлигин чыңдоо боюнча аракеттери 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга жана К.С.Бакиевдин элге каршы режиминин кулашына алып келген.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун жагдайды туруктуулуктан чыгаруу үчүн пайдаланууга аракеттерди болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алды:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин таратылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |