Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 18
Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун киргизүү жөнүндө
Жеке менчик, мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин башка формаларын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын объекттерин рейдерлик басып алууларга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Ушул Декрет юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун киргизүү тартибин жана шартын аныктайт.
2. Тышкы башкаруучу - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өкүлү тийиштүү юридикалык жакка тышкы башкаруу жол-жоболорун жүргүзүүгө жооптуу болуп саналат.
3. Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жобосу дегенде ушул Декреттин 4-пункту менен белгиленген тартипте атайын дайындалган, ушул Декрет менен жөнгө салынуучу тышкы башкаруучунун иштери.
4. Тийиштүү юридикалык жакка тышкы башкаруу жол-жобосу Убактылуу Өкмөттүн чечиминин негизинде киргизилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- тышкы башкаруучу болуп дайындалган адам;
- тышкы башкаруу жол-жобосунун мөөнөттөрү.
5. Тышкы башкаруучу дайындалган учурдан тартып юридикалык жактардын жетекчилеринин жана катышуучуларынын (уюштуруучулардын, акционерлердин) ыйгарым укугу жана компетенциясы токтотулбайт.
Тышкы башкаруучу ушул Декреттин 6-пунктунда саналган маселелерди кошпогондо, юридикалык жактын иштерине кийлигише албайт.
6. Тышкы башкаруу киргизилген юридикалык жактардын башкаруу органдары кабыл алган чечимдер төмөнкү маселелер боюнча тышкы башкаруучу менен макулдашылуусу тийиш:
- юридикалык жактардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- юридикалык жактын уставдык капиталынын көлөмүн өзгөртүү;
- юридикалык жактын аткаруу жана көзөмөлдөө органын түзүү жана чакырып алуу;
- юридикалык жактын жылдык отчеттору менен бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын кирешелери менен чыгашаларын бөлүштүрүү;
- юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо, кайра уюштуруу же иштеринин токтотулушун каттоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- юридикалык жактын аткаруу органы түзгөн уставдык капиталга кирген мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү жактыруу;
- кандай гана болбосун жарандык-укуктук, анын ичинде тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүү;
- банктык эсептик жана башка эсептерди ачуу жана жабуу;
- төлөөлөрдү жүргүзүү менен акча каражаттарын жана алардын эквиваленттерин берүү.
Тышкы башкаруучу юридикалык жактын финансы-чарбалык иштерин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
7. Тышкы башкаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- юридикалык жактын башкаруу органдарынан маалыматтарды алууга;
- кандай гана болбосун бухгалтердик китептерди отчеттуулукту юридикалык жактын иштерине тийиштүү башка документтерди өз карамагына талап кылууга жана алууга;
- юридикалык жактын уюштуруучуларынын (акционерлеринин) жана башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга.
Юридикалык жактардын катышуучулары (уюштуруучулары), акционерлери, жетекчилери, жумушчулары тышкы башкаруучуга анын ишмилдеттерин аткарууда ар тараптуу көмөк көрсөтүүлөрү керек.
8. Тышкы башкаруучу юридикалык жактын бардык чыгуучу документтеринде (каттарында, эсеп-фактураларында жана финансылык документтеринде) юридикалык жакка тышкы башкаруу жол-жобосу киргизилгени жөнүндө маалыматтын камтылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.
9. Тышкы башкаруу жол-жобосу аяктагандан кийин тышкы башкаруучу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өз иштеринин жыйынтыгы жөнүндө корутунду отчетту көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү юридикалык жакка тышкы башкаруу мөөнөтү аяктаганы боюнча тышкы башкаруучунун корутунду отчетун бекитет.
10. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жоболору ушул Декреттин ченемдерине каршы келген учурда ушул Декреттин жоболору колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |