Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 21-апрели УӨ № 21

 

Кыргыз Республикасынын  Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык бөлүгүндө толуктоо киргизүү жөнүндө

Салык саясатын калктын турмушунун иш жүзүндөгү деңгээлине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

315-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.".

2. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

      Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева