Бишкек шаары2010-жылдын 26-апрели УӨ № 23 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Инвестицияларды коргоо жөнүндө Мыйзам артыкчылыктарын, жарандардын эркин экономикалык иштергеукуктарын коргоону, жеке ишкердикти жана инвестицияларды коргоону, рес-публикадагы инвестициялык жагдайды жакшыртууну жана инвесторлорго тењукуктуу режимди жана алардын Кыргыз Республикасынын экономикасына тарт-кан инвестицияларын коргоого кепилдик берүү аркылуу ата мекендик жаначет элдик инвестицияларга дем берүүнү камсыз кылуу максаттарында, Убак-тылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги N 1 Декретин жетекчиликке алууменен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Кыргыз Республикасынынаймагында мыйзам артыкчылыгын камсыз кылууну кепилдейт. 2. Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердик жана жеке ишкердикКыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленгентартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ыла-йык жүзөгө ашырылат. 3. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестиция-ларга, алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасына тартылганинвестицияларды коргоого кепилдик берүүнү кошуп алганда, адилеттүү, тењукуктуу режим кепилденет жана сакталат. 4. Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жүрүшкөн чет өлкөлүк жарандар-га Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүү укугу кепилденет. 5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү белгиленген тартиптекүчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана ма-кулдашууларынын алкагында Кыргыз Республикасы мурда алган милдеттенме-лердин аткарылышын камсыз кылат. 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дары ушул Декретти талаптагыдай аткаруу боюнча тиешелүү чаралардыкөрүшсүн. 7. Инвестицияларды тартууга тоскоолдук кылган, алардын иштерине,уюмдардын кадр маселелерин чечүүсүнө кийлигишкендерди жана ушул аракет-терди (рейдерликти) жүзөгө ашырууга башка адамдарга көмөктөшкөндөрдүкошуп алганда, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, коомдук, капи-талдын жана башка формаларын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча мыйзамсыз ча-раларды көргөн кызмат адамдары жана башка адамдар кылмыш жана жаран-дык-укуктук жоопкерчилик тартаары белгиленсин. 8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жанаКыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү министрлиги ушул Декретжөнүндө дүйнөлүк коомчулукту жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди кабар-ландырсын. 9. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева