Бишкек шаары2010-жылдын 28-апрели УӨ № 24 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-деги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушулДекретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттуккењешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти Кыргыз РеспубликасынынСот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењешинин документтерин кабыл алу-уну жана аларды сактоону камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева