Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 27, 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан түзүлөөрү белгиленсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган сегиз саясый партиянын, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын добуштарын бөлүштүрүүгө катышкан саясый партиялардын жана жети бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын мүчөлөрүнөн (чечүүчү добушка укуктуу) түзүлөт. Убактылуу Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына эл аралык уюмдардан, 6 мүчөдөн көп эмес комиссиянын мүчөлөрү (кеңеш берүүчү добушка укуктуу) дайындалышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү чыгып калгандын ордуна комиссиянын жаңы мүчөсүн дайындайт.;
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларына каршы келбеген бөлүгүндө жетекчиликке алсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо боюнча ыйгарым укуктар ыйгарылсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаганга чейин областтык, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын жаңы курамын түзсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
6. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү мезгилинде колдонууда болот.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы
|
Р. Отунбаева |