Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы №247 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 30-апрели УӨ №28 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-августундагы УӨ № 122 декретинин редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигин турукташтыруу, жа-рандык контролдун механизмдерин киргизүү жана коомдук кабар берүүнүнролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү боюнча корпораци-ясына "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы" де-ген аталыш менен Коомдук телерадиоберүү статусу берилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясыжөнүндө" Жобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынынБайкоочу кењеши 15 адамдан турат. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Бай-коо кењешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн сунушу боюнча дайындайт. Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү рейтингдик добуш берүү жолу менен коммер-циялык эмес уюмдар сунуштаган талапкерлердин ичинен 15 адамды тандайт.Кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жыл болот. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын баш-кы директору Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорация-сынын Байкоочу кењешинин мүчөлөрү тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-августундагы УӨ № 122 дек-ретинин редакциясына ылайык) 4. Ушул Декрет Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-ларына карама-каршы келген учурда ушул Декрет иштетилет. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүн-дө" Жобо менен ушул Декреттин ортосунда Кыргыз Республикасынын коомдуктелерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кењешин түзүүнүн тартиби бөлү-гүндө карама-каршылыктар келип чыкканда, ушул Декреттин ченемдери кол-донулат. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынынишин жөнгө салуу бөлүгүндө "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын. 6. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн. 7. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева