Бишкек шаары2010-жылдын 30-апрели УӨ № 29 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Өлкөнүн туруктуу каржылык жана экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуужана бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин нормалдаштыруу максатында Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - 2010-жылдын 9-апрелиндеги № 12 "Менчиктин жеке менчик, мамлекет-тик, муниципалдык жана башка түрлөрүн коргоого байланыштуу мораторийжарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети; - "2010-жылдын 9-апрелиндеги № 12 "Менчиктин жеке менчик, мамле-кеттик, муниципалдык жана башка түрлөрүн коргоого байланыштуу мораторийжарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинетолуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 21-апрелиндеги № 16 Декрети. 2. Ушул Декреттин колдонулушу козголгон жазык иштеринин алкагындакамак салынган объекттерге жайылтылбайт. 3. Ушул Декрет кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева