Бишкек шаары2010-жылдын 26-апрели УӨ № 30 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ К.Бакиевди кол тийбестик статусунан ажыратуу жөнүндө 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын эли ошол кездеги бийликтер-дин кылмыштуу жана жоопкерсиз саясатына каршы чыгуу менен алардын бей-гам жүргөн жарандарды аттырганына карабастан К.Бакиевди Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин кызматынан кулатты. 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик Курултайдын Борбордук аткаруу ко-митетинин чечимине ылайык, кырдаалды турукташтыруу жана бийликтин бир-ден-бир булагы эл экени жөнүндө негиз түзгөн принципти камсыз кылуумаксатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү түзүлгөн. КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги N 1 Дек-рети менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында Президентке, ЖогоркуКењешке жана Өкмөткө бекитилип берилген ыйгарым укуктар жана милдеттерУбактылуу Өкмөтүнө жүктөлгөн. "Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагымамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы" экендиги жөнүндө жобо кыргызмамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы катары кызмат кылган бардык негизги доку-менттерде - 1990-жылдын 15-декабрындагы Мамлекеттик эгемендүүлүкжөнүндө декларация, 1991-жылдын 31-августундагы Мамлекеттик көз каран-дысыздык жөнүндө декларацияда, 1993-жылкы бардык өзгөрүүлөрү мененКонституцияда бекитилген. 1993-жылдан тартып 2003-жылды кошуп алганда ага киргизилген бардыкөзгөрүүлөр менен Кыргызстандын Конституциясында: "Мамлекетте элдин кан-дайдыр бир бөлүгү, кандайдыр бир бирикмеси же жеке адам бийликти ээлепалууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти күч менен ээлеп алуу эњ оор кылмышболуп саналат" деп жазылган. Колдонуудагы Конституцияда мамлекеттикбийликти ээлеп алуу жөнүндө түшүнүк алып салынганы менен мунун өзү бий-ликти ээлеп алуу элге каршы кылмыш катары жоюлуп калды дегендикти бил-дирбейт. Мамлекеттик бийликти ээлеп алуу өлкөнүн Конституциялык түзүлүшүнүннегизине кол салат жана бийликтин негизги булагы болгон элдин кызыкчы-лыктарына түздөн-түз зыян келтирет. Кыргызстандын Президенти болуу ме-нен К.Бакиев: 1) Өзүнүн "Ак Жол" партиясына Жогорку Кењештеги мандаттардын 80пайызын берүү менен парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыя-лабастан өлкөдөгү мыйзам чыгаруу бийлигин басып алып, парламенттиөзүнүн жеке максаттарына жетишүүнүн куралы кылып алган. 2) Конституциялык сотту кошо алганда сот тутумун саясий жүйөлөнгөнөкүмдөрдү чыгаруучу, мыйзамдарды каалагандай колдонуучу, кылмышкерлердибошотуучу, күнөөсүздөрдү жазалоочу, президенттик бийликтин жоопкерчи-ликсиз жана коррупцияланган кошундусуна айландырууга жол берген. 3) Мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиз болуучу принциптерин бу-зуп өз бир туугандары Жанышты, Маратты, Адылды, уулдары Марат мененМаксимди өлкөдөгү жооптуу кызмат орундарына дайындап, алар анын тикебаш ийүүсүндө болгон. 4) 2009-жылдын ичинде конституциялык органдарды жойгон жана Прези-денттин институту деп аталымыш болгон конституциялык эмес түзүмдөрдүтүзүп, аларды кийин өзүнүн сөзүн эки кылбаган Конституциялык соттун жа-на Жогорку Кењештин жардамы менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүжолу менен мыйзамдаштырууга аракеттенген. Бул "конституциялык реформа-лар" анын ыйгарым укуктарын Президенттин Институтуна өткөрүп берүү ме-нен Өкмөттү андан ары алсыратууга, ошондой эле анын бирден-бир максатыПрезиденттин милдетин аткаруучуну дайындоо болгон, Президент тарабынананыкталуучу Мамлекеттик кењешти түзүүгө багытталган. 5) Өз уулу Максим Бакиев үчүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инно-вациялар боюнча борбордук агенттикти түзүп, ага Кыргызстандын бардыкактивдерин (мүлктү, насыяларды, гранттарды, алтын корлору менен башкакаражаттарды кошуп алганда каржыларды) башкаруу боюнча ыйгарым укуктар-ды өткөрүп берип, аларды Максим бедели шек туудурган өз консультантта-рына ишенип берип койгон. 6) 2007-жылдын 21-октябрындагы референдумда жана ар кыл дењгээлде-ги органдарды шайлоодо 2007-жылдын 16-декабрындагы Жогорку Кењештин де-путаттарын шайлоодо, ошондой эле 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Рес-публикасынын Президентин шайлоодо да Кыргызстандын шайлоочуларынын до-буштарынын натыйжаларын жапырт бурмалоо жолу менен элдин эркин бил-дирүүсүн өлкөдөгү бүткүл бийликти ээлеп алуунун жеке кызыкчылыгы мененалмаштырган. Бүткүл бийликти ээлеп алып жана өзү тике контролдогон күчтүзүмдөрүнө, криминалитетке жана ЖМКга таянып, Жогорку Кењештин, соторгандары менен Өкмөттүн колдоосу жана үнсүз макул болуусу менен Прези-дент К.Бакиев бүткүл Кыргызстанды - анын жарандарын, табигый жана эко-номикалык ресурстарын өзү каалагандай контролдогон жана пайдаланып кел-ген. 2010-жылдын жазына карата К.Бакиевдин үй-бүлөсү башка адамдардынатынан "Кристалл", "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" ак-ционердик коомдору жана башкалар сыяктуу мамлекеттик менчиктин страте-гиялык объекттерин мыйзамсыз менчиктеп алган. Мында жарандар алардынжањы ээлерине электр жана жылуулук энергиясына алдын ала эки эсе жого-рулатылган тарифтер боюнча төлөөгө милдеттүү болушкан. Мунун баарыөлкөдөгү негизги азык-түлүктөргө, товарларга жана кызматтарга баалардынөсүшүнө алып келген. Бир адам жана анын тегерегиндегилер тарабынан суу жана анданөндүрүлүүчү электр энергиясынын, экономиканын эњ маанилүү объекттерининбасып алынышы, эзелтен кыргыз жери болуп келген Каркыра, Жетимтоо сыяк-туу жерлердин таратылып берилиши жол берилгис болуу менен жарандардынжалпы кыжырдануусун туудурган. Суу, жер казынасы, башка табигый ресурс-тар жана мамлекеттик объекттер бийликке келип калган адамдардын чакантобунун эмес, бүткүл Кыргызстандын элинин кенчи болуп саналат. Мамле-кеттик машинанын бүткүл күчү К.Бакиев жана анын кењешчилери өзүй-бүлөсүнүн жана анын тегерегиндегилердин кирешелерин көбөйтүү үчүн эњмыкты ыкмаларды издеп табууга багытталган. Сот, укук коргоо жана фискалдык органдар, К.Бакиевдин бюрократия-лык аппараты элди оор салыктар жана адилетсиз чечимдер менен тажатып,ал эми салык салуу жалпы кызыкчылыкта эмес, К.Бакиевдин жана анын теге-региндегилердин кызыкчылыгында жүргүзүлө баштаган. Ар кандай кыжырлану-уну басыш үчүн Президент К.Бакиев армиядан, милициядан жана башка күчтүзүмдөрүнөн репрессиячыл аппарат түзгөн. К.Бакиевдин башкаруусу жаран-дардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин бузган, мунун өзүрежимге жакпаган коомдук ишмерлер менен журналисттерди куугунтуктоодонжана өлтүртүүдөн, сөз эркиндигин жана чогулуштарды бейгам өткөрүү, шай-лоо жана шайлануу укугун чектөөчү Конституцияга каршы чечимдерди кабылалуудан көрүнгөн. 2010-жылдын 24-мартында Ынтымак курултайы имиш деп чакырылган нер-седе К.Бакиев Кыргыз Республикасындагы шайлоо институтун жектөө мененчыгып сүйлөгөн жана "кењешүүчү" демократия деп аталган нерсеге өтүүнүнзарылдыгы жөнүндө билдирип, өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбашкаруу системасын түзүүгө катышуунун конституциялык укугунан өлкөнүнжарандарын ажыратууга умтулгандыгын айгинелеген. Дал ушул элди эзүү жана жакырчылыктын, адилетсиздик менен эркин-диктерди басмырлоонун кесепетинен мамлекеттин алсызданышы, жарандардынКыргызстандын элине берген антынан тайып, Конституция менен мыйзамдардыүзгүлтүксүз бузуп, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин тепселегенК.Бакиевдин режимине карата жек көрүүсүн пайда кылган. Анткени Кыргызс-тандагы коомдон Президентке жана анын тегерегиндегилерге таасиркөрсөтүүнүн легитимдүү каражаттары тартып алынгандыктан эл эзүүгө жаназордук-зомбулукка каршылык көрсөтүүнүн өзүнүн табигый укугунан ади-леттүү пайдаланды. Элдик Курултайдын Борбордук аткаруу комитети тарабынан 2010-жылдын7-апрелинде Бишкекте уюштурулган элдик курултайларды өткөрүү убагындаК.Бакиевдин билүүсү жана макулдугу менен бейгам жүргөн жарандарды ыра-йымсыз, мыкаачылык ыкмалар аркылуу, бир эле учурда жаш агызуучу газды,резина окторун, автомат куралдарын, анын ичинде снайперлерди пайдалан-ган катаал, жырткычтык ыкма менен атуу болуп өттү. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги N 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде эгемендиктин ээсининжана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагыкатары өз статусун пайдаланып, К.Бакиевди Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин кызматынан кууп түштү жана аны ыйгарым укуктарынан ажыратты. 2. Көп сандаган курмандыктарга алып келген бейгам жүргөн калккакаршы ок атуучу куралды колдонууга жол берүүдөн көрүлгөн өзгөчө ооркылмыш жасоо жолу менен К.Бакиев өзүн Кыргыз Республикасынын экс-прези-дентинин статусунан жана кол тийбестигинен ажыратып, мыйзамдын алкагы-нан чыгып кеткендиги белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарынын алкагында К.Бакиевди жазык жоопкерчилигине тартуу бо-юнча, ошондой эле аны Кыргыз Республикасына алып келүү боюнча зарыл ча-раларды көрсүн. 4. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева