Бишкек шаары2010-жылдын 30-апрели УӨ № 31 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун жоюу жөнүндө Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө арналган каражаттарды натыйжалуубашкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-берене-син көњүлгө алып, ага ылайык өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелеринчечүү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн компетенциясына таан-дык болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл-дын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республи-касынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын колдонулушу убактылуу токтотулсун. 2. "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коо-му жоюлсун. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги белги-ленген тартипте жоюу комиссиясын түзсүн жана ага "Кыргыз Республикасы-нын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун жоюу менен байланышкантиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева