Редакцияот 30.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 30-апрели УӨ № 36

 

Кылмыштык жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө

Гумандуулук принциптерине таянып, адамдын жалпы кабыл алынган укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо менен, элди бириктирүү, социалдык чыңалууну жоюу, ошондой эле өлкөдөгү саясый абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын мурдагы президенттери А.А.Акаев жана К.С.Бакиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныктаган адамдар менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183, 189, 190, 221, 223-беренелеринде жана 30-главасында каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жосундарды кысымга дуушарлануудан улам жасашкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин кызматкерлери, укук коргоо органдарынын, соттордун кызматкерлери, аскер кызматчылары жана башка адамдар, дүрмөттүү куралды 2010-жылдын 6-апрелинен 25-майына чейинки мезгилде Бишкек жана Талас шаарларынын жана Кыргыз Республикасынын башка региондорунун укук коргоо органдарына ыктыярдуу тапшырышкан адамдар тергөө жүргүзүүгө көмөктөшкөн шартта кылмыштык териштирүүдөн бошотулушаары белгиленсин.

2. Бул Декрет Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тараптан кылмыш иши козголгон, чечим кабыл алууга укуктуу болгон саясый кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге колдонулбайт.

3. Бул Декрет 1994-жылдын 1-январынан баштап 2010-жылдын 7-апрелине чейинки мезгилде жасалган жосундарга карата колдонулат.

4. Бул Декретти аткаруу жасалган кылмыштар жөнүндө иштер кароосунда турган тергөө органдарына ошол кылмышты жасаган адамдарга карата ишке ашыруу тапшырылсын.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

    Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева