Редакцияот 19.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 19-майы УӨ N 39           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ       Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө      1. Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясына ылайык Кыргыз  Рес-публикасынын  жањы Президенти кызматына киришкенге чейин Кыргыз Респуб-ликасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин кызматы киргизилсин.     2. Кыргыз   Республикасынын   Президентинин   ыйгарым  укуктарынынмөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.     3. Кыргыз  Республикасынын Президенти 2011-жылдын шайлоосунда Кыр-гыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюуга  укук-суз экендиги белгиленсин.     4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы  Роза  Иса-ковна  Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти-нин ыйгарым укуктары таандык кылынсын.     5. Кыргыз Республикасынын Президенти:     Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясына ылайык шайланган  жањычакырылыштагы  Жогорку  Кењештин биринчи жыйналышына чейин "Кыргыз Рес-публикасынын  Конституциясынын  жањы  редакциясы  жөнүндө"  2007-жылдын23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган Кыр-гыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;     жањы чакырылыштагы Жогорку Кењештин  биринчи  жыйналышы  башталганкүндөн  тартып Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясы менен каралганКыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;     Кыргыз Республикасынын  жањы Конституциясына ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү түзүлгөнгө чейин "Кыргыз Республикасынын  Конституция-сынын  жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баян-далган 2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Консти-туциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйга-рым укуктарын жүзөгө ашырат.     6. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти саясий пар-тияда турууга укуксуз,  саясий бейтараптыкты сактоого жана кандай  ганаболбосун  саясий партияларды колдоого байланышкан ар кандай аракеттердижасоодон өзүн токтотууга милдеттүү.     7. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Кыргыз Рес-публикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењешининдепутаттарын  шайлоону эркин,  ак ниет жана ачык айкын өткөрүүнү камсызкылууга милдеттүү.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы