Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 26-майы УӨ № 52
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Эркин Тоо" гезитинин 2010-жылдын 20-майындагы № 42 (1962) санында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги долбоорундагы жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорундагы айрым техникалык жана редакциялык так эместиктерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркемеге ылайык түзөтүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракетте участкалык, аймактык (райондук, шаардык) референдум комиссияларын ушул Декреттен келип чыккан зарыл материалдар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул Декрет "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
4. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |
| "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Убактылуу Өкмөттүн Декретине Тиркеме |
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик тилдеги долбоорунун текстинде:
1) 6-берененин 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген," деген сөздөрдөн кийин "мыйзамда" деген сөз менен толукталсын;
2) 12-берененин 5-бөлүгүндө:
биринчи абзацы "башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "гана" деген сөз менен толукталсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.";
3) 16-берененин 5-бөлүгү "Кыргыз Республикасында баланын" деген сөздөрдөн кийин "эң жакшы" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 20-берененин 4-бөлүгүндө:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;";
8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;";
5) 24-берененин 4-бөлүгүндө:
экинчи абзацындагы "48 саат өткөндөн кийин," деген сөздөр "48 саат өткөнгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "негиздер жок болсо," деген сөздөр "негиздер жок болуп чыкса," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 33-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.";
5-бөлүгүндөгү "тартылбай койбойт" деген сөздөр "тартылышы мүмкүн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.";
8) 42-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.";
9) 61-берененин 2-бөлүгүндөгү "катары менен эки мөөнөткө" деген сөздөр "эки жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 70-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "өкүлчүлүктүү орган" деген сөздөр "өкүлчүлүктүү жогорку орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "саясий партияларга" деген сөздөр "саясий партияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 73-берененин 2-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктары менен" деген сөздөр "ишинин токтотулушу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 74-берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бекитет жана" деген сөздөр "бекитет же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 77-берененин 4-бөлүгүндөгү "ыйгарым" деген сөз алып салынсын;
14) 82-беренедеги "башкача каралбаса" деген сөздөр "башка мөөнөт каралбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 84-беренеде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.";
4-бөлүгүндөгү "фракция" деген сөз "фракциялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
16) 85-берененин 3-бөлүгүндөгү "санын" деген сөз "санынын" деген сөз менен алмаштырылсын;
17) 93-берененин 3-бөлүгүндө:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү бөлүктүн экинчи абзац болуп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.";
төртүнчү абзацтагы "Атайын" деген сөз "Атайы бөтөнчө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 94-беренеде:
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат."
8-бөлүгүндөгү "укуктук жогорку билими жана укуктук " деген сөздөр "юридикалык жогорку билими жана юридикалык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-бөлүгүндөгү ", Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр алып салынсын;
19) 95-беренеде:
2-бөлүгүндөгү "Судьяларды тандоо боюнча кеңештин" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-бөлүгүндөгү "судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт;
Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тиешелүүлүгүнө жараша Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт.";
20) 96-берененин 1-бөлүгүндөгү "администрациялык" деген сөз "административдик" деген сөз менен алмаштырылсын;
21) 97-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "көзөмөлдөөнү" деген сөз "контролдоону" деген сөз менен алмаштырылсын;
6-бөлүктүн 3-пунктундагы "жана толуктоолор" деген сөздөр алып салынсын;
22) 102-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "Судьяларды тандоо боюнча" деген сөздөр "Судьялардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Судьяларды тандоо боюнча" деген сөздөр "Судьялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
23) 104-беренеде:
экинчи абзацындагы "сакталышын" деген сөз "жана бирдей аткарылышын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы ", баштапкы" деген сөз алып салынсын;
24) 110-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
25) тогузунчу бөлүмдүн аталышындагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
26) 114-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгүнүн биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүгүндөгү "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүгүндөгү "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
"Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр "Президент" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий тилдеги долбоорунун текстинде:
бүткүл тексттеги "Омбудсмен (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмен)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12-берененин 5-бөлүгү "являются" деген сөздөн кийин "исключительной" деген сөз менен толукталсын;
95-берененин 5-бөлүгүндөгү "представлению" деген сөз "предложению" деген сөз менен алмаштырылсын;
97-берененин 6-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "и дополнениях" деген сөздөр алып салынсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик тилдеги долбоорунун текстинде:
1) аталышындагы "жаңы" деген сөз алып салынсын;
2) 1-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "15-" деген сан "5-" деген сан менен алмаштырылсын.