Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 27-майы УӨ № 55

 

"Айнаш Компани"  жоопкерчилиги чектелген коомунун объектисин мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 25-майдагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында жайгашкан "Кес-Сеңир" туристтик комплексинин аймагында "Айнаш Компани" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп бүтпөй калган мансардалуу 3 кабаттуу конок үйү мамлекеттештирилсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы:

- курулушу бүтө элек 3 кабаттуу конок үйүн балансына кабыл алсын;

- ушул комплекстин курулушун аяктоону камсыз кылсын.

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

     Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева