Редакцияот 20.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 44           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ         "Альфа телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын                 49 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 27-апре-линдеги  сунушунун  негизинде  жана  Кыргыз  Республикасынын  УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Граждандык  кодексинин  288-беренесинеылайык "Альфа телеком" жабык акционердик коомунун (мындан ары -  "Альфателеком" ЖАКы) акцияларынын 49 проценти мамлекеттештирилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Альфа  те-леком"  ЖАКынын  акцияларынын 49 проценти мамлекеттештирилгенине байла-ныштуу:     - "Альфа   телеком"   ЖАКынын   акционерлеринин   жалпы  чогулушунөткөрүүнү демилге кылсын;     - "Альфа телеком" ЖАКынын жањы уюштуруу документтерин бекитсин жа-на кайрадан каттоону жүргүзсүн;     - "Мегаком"  мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кыл-сын;     - "Альфа  телеком"  ЖАКынын акцияларынын 49 процентин мамлекеттеш-тирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.     3. Бул  Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.     4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева