Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 46 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттешттирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майын-дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1
Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин
288-беренесинеылайык, Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан жана "Санвей"жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Санвей" ЖЧКсы) тариздел-ген, аянты 4,91 га жер участогу мамлекеттештирилген. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоокызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Санвей" ЖЧКсына берил-ген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жоккочыгарсын. 3. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын -губернаторунун милдетин аткаруучу: - мамлекеттештирилүүчү жер участогун мамлекеттик менчикке которуу-ну камсыз кылсын; - "Санвей" ЖЧКсына жер участогун мыйзамсыз берүүнүн кесепетиненмамлекетке келтирилген чыгымдарды эсептөөнү жүргүзсүн; - "Санвей" ЖЧКсына жер участогу үчүн төлөнгөн акча каражатын мам-лекетке келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева