КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 49
Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 39 А дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты мамлекеттештирүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 15-майындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 39 А дареги боюнча жайгашкан администрациялык имарат мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- мамлекеттештирилген администрациялык имаратты кабыл алууну камсыз кылсын, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик администрациялык имараттардын реестрине киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берсин;
- ушул Декреттен келип чыккан башка маселелерди чечсин.
3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |