Редакцияот 20.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 51           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ             "Достук" эс алуу үйүн мамлекеттештирүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын  2010-жылдын  15-ма-йындагы  сунушунун  негизинде  жана  Кыргыз  Республикасынын  УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Граждандык  кодексинин  288-беренесинеылайык,  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгаш-кан жана "I.D.S.Group"  жоопкерчилиги  чектелген  коомуна  таризделген,аянты 6,5 га жер участогу менен бирге "Достук" эс алуу үйү мамлекеттеш-тирилсин.     2. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик каттоокызматы:     - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жок-ко чыгарсын;     - "Достук"  эс  алуу  үйүнүн  аймагына мыйзамсыз киргизилген аянты8,41 га жер участогун Бостери айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берсин.     3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:     - "Достук" эс алуу үйүн жанаша жаткан аянты 6,5  га  жер  участогуменен бирге балансына кабыл алсын;     - "Достук" эс алуу үйүнүн мүлкүнүн сакталышын камсыз кылсын.     4. Бул  Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.     5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева