Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 7-июну УӨ № 56           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ               "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун                       мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 Декретинин редакциясына ылайык)

      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктунуннегизинде, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-ап-релиндеги  №  1  Декретин  жетекчиликке алып,  ошондой эле банктык жанатөлөм системаларынын туруктуулугун  камсыз  кылуу,  коомдогу  социалдыкчыњалууну болтурбоо,  аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгындаактивдерди сактоо,  "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун (мын-дан  ары  -  "АзияУниверсалБанк" ААКы) финансылык абалынын начарлоосунабөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Дек-ретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Граждандык  кодексинин  288-беренесинеылайык "АзияУниверсалБанк" ААКынын акциялары мамлекеттештирилсин.    1-1. Ушул Декреттин негизинде "АзияУниверсалБанк" ААКынын консер- ватору жана акционерлеринин реестринин кармоочусу "АзияУниверсалБанк" ААКынын акционерлеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  мүлк министрлигинин өздүк эсебин ачсын   жана  ушул   өздүк   эсепке "АзияУниверсалБанк" ААКынын бардык акционерлерине таандык  акцияларды  которсун.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 декретинин редакциясына ылайык)

 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз  Республикасы-нын Финансы министрлиги "АзияУниверсалБанк" ААКын реабилитациялоо мененбайланышкан иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө Кыргыз  Республи-касынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин,  анда аманатчылардыналдындагы милдеттенмелерди аткаруу каралсын.     3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана Кыргыз Республика-сынын Улуттук банкы зарыл болгон учурда "АзияУниверсалБанк" ААКына мый-замда белгиленген тартипте финансылык колдоо көрсөтсүн.     4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева