Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 3-июну УӨ № 57           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ            "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө 

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык)

      Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 1-майын-дагы   сунушунун   негизинде   жана  Кыргыз  Республикасынын  УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча жайгашкан "Чатыр-Көл" кинотеатры мамлекеттештирилсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

     2. "Чатыр-Көл"  кинотеатрын  мамлекеттештирүүгө байланыштуу КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:     - "Чатыр-Көл"  кинотеатрын Кыргыз Республикасынын Маданият минист-рлигинин балансына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;     - "Чатыр-Көл" кинотеатрын мыйзамсыз сатуунун кесепетинен мамлекет-ке келтирилген чыгымдарды эсептесин;     - жаран  А.М.Швайденкого "Чатыр-Көл" кинотеатры үчүн төлөнгөн акчакаражатын мамлекетке келтирилген чыгымдарды кармап  калуу  менен  кайраберсин.     3. Бул Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.     4. Бул Декрет    кол   коюлган   күндөн   баштап   күчүнө   кирет.      5. Мамлекеттик органдар ушул  Декреттен   келип   чыгуучу   зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди   каттоо   жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева