Бишкек шаары2010-жылдын 3-июну УӨ №59 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 28-апре-линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесинеылайык "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун (мынданары - "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы) кичи терминалы перрону жанааянты 12,40 га жер участогу менен бирге мамлекеттештирилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоокызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Манас" эл аралык аэро-порту" ААКына берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамле-кеттик актыны жокко чыгарсын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Манас" аэ-ропортунун кичи терминалынын мамлекеттештирилишине байланыштуу: - кичи терминалды перрону жана жер участогу менен бирге КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация депар-таментинин балансына кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын; - "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына жер участогун мыйзамсызөткөрүп берүүнүн кесепетинен мамлекетке келтирилген чыгымдардыэсептөөнү жүргүзсүн; - "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына перрону жана жер участогуменен бирге кичи терминал үчүн төлөнгөн акча каражаттарын мамлекеткекелтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги кичи терминалды, кичи перронду жана жанаша аймакты реконструкция-лоону аяктоону камсыз кылсын. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронунөткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронунөткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 10-июлундагы № 370 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронунөткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 29-декабрындагы № 729 токтому. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева